25.06.2018 12:42
Мектеп бүтүрүүчүлөрү тарабынан тартип бузуулар катталган жок
Мектеп бүтүрүүчүлөрү тарабынан тартип бузуулар катталган жок. Бул туурасында Бишкек шаардык ИИББдан билдиришти.
Өткөн 2 суткада Бишкектеги билим берүү мекемелеринде мектепти аяктоого байланышкан салтанаттуу иш-чаралар өттү. Бардыгы болуп, 96 мектептин 11-классын 5800 бүтүрүүчү жыйынтыктады. Шаарда коомдук тартипти камсыздоо үчүн 600гө жакын милиция кызматкери тартылды.
Жалпысынан, 2 сутка ичинде мектеп бүтүрүүчүлөрү катышкан жаман иштер катталган жок.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: